"Союздаштык чечкиндүүлүгү - 2022" машыгуусу

Беларусь коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкөнүн жерлеринде белгиленген полигондордо Беларусь жана орус армиясынын аскердик бөлүктөрү өз милдетин аткарууда.

1777540
"Союздаштык чечкиндүүлүгү - 2022" машыгуусу

Беларусь менен Россиянын «Союздаштык чечкиндүүлүгү - 2022» биргелешкен аскердик машыгуусунда аскердик бөлүктөр, Украина жана Польша чек арасына жакын жерде чек араларды бекемдөө жана коргоо милдеттерине басым жасады.

Беларусь коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда өлкөнүн жерлеринде белгиленген полигондордо Беларусь жана орус армиясынын аскердик бөлүктөрү өз милдетин аткарууда.  

Беларустун механикалаштырылган аскерлери Гойский полигонунда коргонуу иш - чараларын жүргүзүп жаткан болсо, орус аба - десанттык бөлүктөрү жасалма душмандын чалгындоо топторун жок кылууда.

Беларусь куралдуу күчтөрүнүн айрым аскердик бөлүктөрү менен Россия куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш Аскердик аймагына караштуу аскердик бөлүктөрү катышкан биргелешкен машыгууга орус армиясына таандык эки С- 400 жана Панцир -С абадан коргонуу ракета системалары менен Су- 35, Су- 30, Су- 25 учактары да катышууда.

С - 400 абадан коргонуу ракета системаларынын Брест аймагындагы полигондо ишке киргизилгени билдирилди.

Машыгуулар 20 - февралга чейин Беларустун Обуз-Лесновский, Осиповичский, Брестский, Гойский, Домановский полигондорунда жана Баранович, Лунинец, Лида жана Мачулищчи аскердик авиа базаларында уланат.



Тектеш кабарлар