Индиядда кар көчкү болду
Жекшемби күнү Аруначал - Прадеш штатынын Каменг секторунда кар көчкү болуп, көптөгөн патрулдук аскердин дайынсыз жоголгондугу маалымдалган.
1775928
Индиянын Аруначал - Прадеш штатында жекшемби күнү болгон кар көчкү кырсыгында 7 аскердин каза болгону билдирилди.
Жекшемби күнү Аруначал - Прадеш штатынын Каменг секторунда кар көчкү болуп, көптөгөн патрулдук аскердин дайынсыз жоголгондугу маалымдалган.
Аймакта улантылып жаткан изилдөө - куткаруу иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон 7 аскердин сөөгүнүн табылгандыгы белгиленди. Жетекчилер аскерлердин сөөгү аймактан чыгарылганын билдиришти.
Бул тууралуу премьер - министр Нарендра Моди социалдык тармактагы баракчасында билдирип : "Аруначал - Прадеште кар көчкүнүн айынан Индия армиясынын аскерлеринин каза болушунан улам кайгылуубуз. Элибизге кылган кызматын эч качан унутпайбыз. Жакындарына көңүл айтабыз",- деди.