Японияда калың кар жаашы тууралуу билдирилди
Японияда калың жааган кардан улам 123 учак жана 67 поезд каттамы токтотулду.
Японияда калың жааган кардан улам 123 учак жана 67 поезд каттамы токтотулду.
Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) кар жаашы күтүлүп жаткан аймактарда маанилүү саякаттардан тышкары саякатка чыкпоого чакырды.
Япониянын метеорологиялык агенттиги жума күнү эртең менен Яманаши провинциясында кардын калыңдыгы 20 - 40 сантиметрге, Нагано, Шизуока жана Кантонун тоолуу аймактарында 20 сантиметрге жетиши күтүлүп жаткандыгын билдирди.
Өлкөдөгү All Nippon Airways алдын алуу максатында эртеңки 96 ички каттамды токтотушкандарын жарыялап, Japan Airlines Ханеда аэропортунан 27 каттамды токтотуу чечимин чыгарды.
Темир жол оператору JR East да Токио менен Нагано жана Яманашинин ортосунда иштеген аз сандагы экспресс поезддер менен бирге 67 каттамдын токтотуларын билдирди.
Эртеңки күндөн тарта токтотулган каттамдардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскерткен жетекчилер, кырсык коркунучун азайтуу үчүн кээ бир автожолдордо пландуу түрдө кыймыл үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин билдиришти.