АКШ Путинге НАТО тууралуу жооп берди

Ак үйдүн басма сөз катчысы Псаки күнүмдүк пресс-брифингинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен мурунку күнү өлкөсүнүн борбор шаары Москвада жолугушуусунда АКШ жана НАТОну сындаган Орусиянын президенти Путинге жооп берди.

1775801
АКШ Путинге НАТО тууралуу жооп берди

НАТОнун «коргонуучу» жана Орусиянын «агрессивдүү» деген баа берүүлөрүн кабыл алууга болбойт деп билдирген Орусиянын президенти Владимир Путинге Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жооп берди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Владимир Путинге: «НАТО ар дайым коргонуу уюму болгон, (Украина) чек арасына он миңдеген аскерлерин топтогон НАТО эмес, Орусия»,-деп үн катты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Псаки күнүмдүк пресс-брифингинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен мурунку күнү өлкөсүнүн борбор шаары Москвада жолугушуусунда АКШ жана НАТОну сындаган Орусиянын президенти Путинге жооп берди.

Путиндин, «АКШ жана Батыш бизди НАТОнун тынчтык максатты көздөгөн коргонуу уюму экенине ынандырууга аракет кылууда, Ирак жана Ливия сыяктуу өлкөлөрдү ага каршы мисал катары көрсөтүп жатышат»,-деп айткан пикирин эске салган Псаки НАТОнун коргонуу жана коопсуздук уюму экенин айтты.

Псаки: «НАТО ар дайым коргонуу альянсы болуп келген. Чек арасына он миңдеген аскерлерин топтогон НАТО эмес, Орусия. Биз өнөктөштөрүбүздү (аймактагы) колдоону күчөтүп жатабыз. Алардын (орустардын) чыңалууну басаңдатуу мүмкүнчүлүгү бар, алар ошондой кылат деп үмүттөнөм»,-деди.

Орусиянын президенти Путин НАТОнун чыгышка кеңейбөө, 1997-жылкы чек араларына кайтуу жана Орусиянын чек араларына курал жайгаштырбоо сунуштарына АКШ жана НАТО тарабынан көңүл бурулбаганын белгилеген жана «НАТО 2019-жылдагы аскердик стратегиясында коопсуздуктун башкы коркунучу жана душманы катары түздөн-түз Орусиянын атын атады. НАТО бизди душман катары аныктады», деген сөздөрдү колдонгон.

НАТОнун аскердик инфраструктурасын Орусиянын чек араларына жакындатканын баса белгилеген Путин, НАТО жана ага мүчө өлкөлөрдүн орус куралдуу күчтөрүн кайда жана кантип жайгаштыруу тууралуу «сабак берүүгө аракет кылып жатканын» айткан. Орусиянын НАТОго эмес, НАТОнун Орусияга карай жылып жатканын жүйө келтирген Путин, мындан улам өлкөсүнүн агрессивдүү аракет кылып жатканын айтуунун акылга сыйбастыгын жактаган.



Тектеш кабарлар