Макрон Украинада

Эмануэль Макрон Киевде Владимир Зеленский менен жолугушту.

1775464
Макрон Украинада

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Россия  - Украина кризисин сүйлөшүү үчүн Украинанын борбор шаары Киевде Владимир Зеленский менен жолугушту. 

Макрон кечээ Россиянын борбор шаары Москвада президент Владимир Путин менен өткөргөн жолугушуудан кийин бүгүн Украинага барды. Зеленский Макронду Киевде Мариинский сарайында каалгада тосуп алды. Тосуп алуудан кийин эки лидер бетме  - бет сүйлөшүүгө өттү. 

Кечээ Путин менен Макрондун ортосунда болгон 5 саатка жакын сүйлөшүүдө Украинанын чыгышындагы кризис жана Россиянын батыштык өлкөлөр менен тирешүүсү талкууланды. 

 

 



Тектеш кабарлар