Лавров Абдуллахиян менен өзөктүк программа тууралуу сүйлөштү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян менен Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөштү.

1775452

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Лавров жана Абдуллахиян өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүдө Ирандын президенти Ибрахим Реисинин Москва сапарынын жыйынтыктары жана лидерлердин түзгөн келишиминин негизинде бардык тармактарда кызматташуунун өнүктүрүлүшүн талкуулашты. 

Маалыматта Иран өзөктүк программасына байланыштуу Биргелешкен комплекстүү иш - аракет планы KOEP тууралуу өнүгүүлөрдүн өзөктүк келишимдин толугу менен ишке ашырылышына шарт түзүү үчүн Австриянын борбор шаары Венада улантылып жаткан сүйлөшүүлөрдүн негизинде каралгандыгы белгиленип,  эки министрдин KOEPтин Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилген алгачкы тең салмактуу структурасынын тездик менен кайра жанданышын жактай тургандыктары баса белгиленди.

Билдирүүдө министрлердин аймактык маселелерге да токтолушканы маалымдалды.

Тектеш кабарлар