Донбасс кризиси

Дмитрий Кулеба менен Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок борбор шаар Киевдеги жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1774988
Донбасс кризиси

Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Донбасстагы кризистин дипломатия жолу менен чечилишин жакташкандарын айтты. Дмитрий Кулеба менен Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок борбор шаар Киевдеги жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

Украинанын чыгышындагы Донбасс маселесине токтолгон Кулеба Нормандия форматы өлкөлөрүнүн (Россия, Украина, Германия, Франция) саясий кеңешчилеринин  26 - январда Франциянын борбор шаары Парижде жыйын өткөрүшкөнүн эске салды.

Ушул эле деңгээлдеги жыйынды Гремниянын борбор шаары Берлинде өткөрүүнү пландашкандарын айткан Кулеба : "Париждеги жыйын абдан оор болду. Берлиндеги жыйындын да даярдыктары оор  бирок бул жыйындан кийин саясий  кеңешчилер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн улантылышы  тууралуу иштеп жатабыз. Россия дипломатиялык процессте кала берет. Бул абдан маанилүү",- деди. 

Донбасстагы кризистин дипломатиялык жол менен чечилишин жактагандарын баса белгилеген Кулеба буларды айтты : "Баарыбыз учурдагы кризистин дипломатиялык жол менен чечилишине көңүл буруп жатабыз. Германия да Украина да бул маселенин күч менен чечилишин жактайт. Учурдагы чыңалууну токтотуу жана акырында  бардык  маселени дипломатиялык жолдор  менен чечүү үчүн аракетибизди бириктирдик".

Бир тараптан абалдын жүрүшүнө байланыштуу бардык сценарийлерди эске алышкандарын билдирген Кулеба, Россиянын Украинадагы абалды «стабилдештирүүгө» жана Батыш менен Украинанын ортосундагы карым - катнашты бузууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Германиянын тышкы иштер министри Баербок өнөктөштөрү менен Россияга каршы санкциялар пакетин даярдап жатканын билдирип : "Германия жогорку экономикалык бааны төлөөгө даяр. Бул жерде Украинанын коопсуздугу коркунучта",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар