Германия Түркиянын аракеттерине ыраазы
Бургер, Түркиянын Орусия-Украина кризисинин чечилишине карата аракеттерине баа берди.
1774792
Германиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Кристофер Бургер, Түркиянын Орусия-Украина кризисинин чечилишине багытталган аракеттеринин кубатталганын айтты.
Бургер борбор шаар Берлинде өткөрүлгөн маалымат жыйында, Түркиянын Орусия-Украина кризисинин чечилишине карата аракеттерине баа берди.
"Учурдагы чыр-чатакты жөнгө салууга кандайдыр бир салым албетте кабыл алынат" деген Бургер, Түркиянын НАТО өнөктөшү экенин жана Түркия менен НАТОнун алкагында координация бар экенин айтты.