Австрияда кар көчкү: 8 адам каза болду

Тиролду көзөмөлдөө борборунун басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, аймакта 30дан ашуун жерде кар көчкү түшкөнү белгиленди.

1773998
Австрияда кар көчкү: 8 адам каза болду

Австриянын Швейцария чек арасындагы Тирол провинциясынын Спис жана Шмирн аймактарында кечээ болгон кар көчкүдө каза болгондордун саны 8ге жетти.

Тиролду көзөмөлдөө борборунун басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, аймакта 30дан ашуун жерде кар көчкү түшкөнү белгиленди.

Списстеги кар көчкүдөн 7 адам каза болуп, бул жерге жакын Шмирнде 5 кышкы спортчу көчкүнүн астында калып, 4 адам оор жаракаттар менен айланадагы ооруканаларга жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Акыркы 24 саатта кар көчкүдөн каза болгондордун саны 8ге жеткен аймакта жооптуу кызматкерлер кар көчкү коркунучунун уланып жатканы боюнча эскертти.

Билдирүүдө кар көчкү апаатында каза болгондордун өздүгү тактала электиги, аймактын ар кайсы жерлеринде кар көчкүлөр болгондуктан Австрия жана Швейцария топторунун абадан да, жерден да издөө-куткаруу иштерин улантканы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар