Эквадордо сел апаатында каза болгондордун саны 27ге жетти

Баш калаа Китонун борбордук жана батыш аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан 348 үй - бүлөнүн жабыркаганы маалымдалды

1773849
Эквадордо сел апаатында каза болгондордун саны 27ге жетти

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо 31 - январда жааган жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 27ге жетти.

Эквадор басма сөзүндө орун алган кабарга караганда бийликтер өлкөдө акыркы 19 жылдын эң көп жаан - чачыны болгонун, издөө - куткаруу иштеринин уланып жатканын билдиришти. Кырсыктан каза болгондордун саны 27ге, дайынсыз жоголгондордун саны 2ге жеткендиги билдирилди.

Баш калаа Китонун борбордук жана батыш аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан 348 үй - бүлөнүн жабыркаганы маалымдалды.

Бир тараптан Улуттук кырсыкты башкаруу кызматынын маалыматтарына караганда өлкөдө октябрь айынан бери болуп келе жаткан селдерде ушул кезге чейин 44 киши каза болуп, 77 киши жаракат алып, 686 киши үй- жайсыз калды. 5 миң 848 киши да материалдык зыян тартты.



Тектеш кабарлар