Столтенберг Норвегиянын борбордук банкын жетектейт

Норвегиянын өкмөтү, Столтенбергди борбордук банктын башчылыгына дайындоо чечимин чыгарганын жарыялады.

1773630
Столтенберг Норвегиянын борбордук банкын жетектейт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОдогу кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин Норвегиянын Борбордук банкын (Норгес банкын) жетектейт.

Норвегиянын өкмөтү, Столтенбергди борбордук банктын башчылыгына дайындоо чечимин чыгарганын жарыялады.

Билдирүүдө аны бул кызматка дайындоо чечими премьер-министр жана борбордук банктын жетекчилиги тарабынан бекитилип, Столтенбергдин кызмат мөөнөтү 6 жыл болоору белгиленди.

Норвегиянын каржы министри Тригве Слагсвольд Ведум да Столтенбергдин финансылык жана административдик тажрыйбасынан улам борбордук банктын төрагалыгына эң ылайыктуу талапкер экенин белгиледи.

Декабрь айында жаңы кызматына кириши күтүлгөн Столтенберг буга чейин 8 жылдан ашык Норвегиянын премьер-министри жана 4 жыл Норвегиянын каржы министри кызматын аркалаган.

НАТОнун баш катчысы болуп эки мөөнөт иштеген Столтенбергдин кызмат мөөнөтү 2022-жылдын 1-октябрында аяктайт.



Тектеш кабарлар