Перуда жер титирөө болду
Жер титирөөнүн күчү 6, 8 баллга жетти.
1773281
Перунун түндүгүндөгү Моябамбада күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду.
Перу геофизика институтунун (IGP) Улуттук сейсмологиялык борбору 103 километр тереңдикте болгон жер титирөөнүн эпицентринин өлкөнүн Сан Мартин аймагындагы Моябамба шаарынын 166 километр түндүгүндө болгонун жарыялады.
Жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилбесе да, жер титирөөнүн Гуаякил шаарында жана Эквадордогу бир катар шаарларда сезилгендиги билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.