Орусия менен Кытайдын ортосунда газ келишими

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, орус газынын Ыраакы Чыгыш жолу аркылуу Кытайга ташылышы үчүн CNPC менен узак мөөнөттүү келишимге кол коюлганы жарыяланды.

1773580
Орусия менен Кытайдын ортосунда газ келишими

Орус Газпром менен Кытайдын CNPC компаниясынын ортосунда жылына кошумча 10 миллиард куб метр орус газын ташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, орус газынын Ыраакы Чыгыш жолу аркылуу Кытайга ташылышы үчүн CNPC менен узак мөөнөттүү келишимге кол коюлганы жарыяланды.

Аталган келишимдин эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганына көңүл бурулган билдирүүдө: «Келишимдин алкагында ташуулар толук кубаттуулукка жеткенде Кытайга кошумча 10 миллиард куб метр жаратылыш газы жөнөтүлөт, ал эми орус газынын Кытайга жалпы ташуу көлөмү жылына 48 миллиард куб метрге жетет», - деп маалымдалды.

Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер, келишимдин Орусия менен Кытайдын ортосундагы өз ара ишенимди көрсөткөнүн белгилеп: «CNPCдеги кытайлык өнөктөштөрүбүз “Газпромдун” ишенимдүү камсыздоочу экенин көрүштү»,- деди.



Тектеш кабарлар