БУУ Түркиянын ортомчулугун кубаттайт
Фархан Хак күнүмдүк пресс-брифингинде Орусия-Украина кризисинин тынчтык жолу менен чечилишин каалагандарын айтты.
1773233
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын басма сөз катчыларынан Фархан Хак, президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия-Украина кризисине ортомчулук сунушуна байланыштуу Түркия баш болгон ар кайсы өлкөлөрдү маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө үндөгөндөрүн белгиледи.
Хак күнүмдүк пресс-брифингинде Орусия-Украина кризисинин тынчтык жолу менен чечилишин каалагандарын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия-Украина кризисине ортомчулук кылуу сунушуна баа берген Хак: «Түркия баш болгон ар кайсы өлкөлөрдү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө чакырабыз»,-деди.