Аргентинада "Адилеттикти жактоо" митинги болду

Аргентинада 1 - февралда өкмөткө жакын чөйрөлөр Жогорку соттун мүчөлөрүнө нааразылык билдиргенден кийин, оппозицияны колдогондор Жогорку соттун мүчөлөрүн колдоо үчүн «адилеттикти коргоо» митингине чыгышты.

1773417

Борбор шаар Буэнос – Айресте жүздөгөн киши соттун көз карандысыздыгын коргоо жана өкмөт колдоочулары уюштурган митингге каршы нааразылык акциясын өткөрүү максатында Адилет сарайынын алдында чогулушту.

Укук профессорлорунун чакыруусу менен уюштурлган митингде өкмөт жана өзгөчө вице -президент Кристина Киршнерге нааразылык билдиришти.

Өкмөткө каршы ураандар менен жүргөн топ, сотко карата жасалган саясий кысым жана Жогорку соттун мүчөлөрүнүн бутага алынышын айыптады. Митинге Хосе Луис Эсперт жана Рикардо Лопес Мерфи сыяктуу оппозициялык мыйзам чыгаруучулар да катышты.

Аргентинада 1 -  февралда өкмөткө өзгөчө вице  - президент Кристина Киршнерге жакын чөйрөлөр Жогорку сотко каршы митинг уюштуруп, Жогорку соттун мүчөлөрүнүн саясий жүйөлөр менен  кыймыл кылгандыгын жактап» соттун демократиялашуусун» талап кылган.

Тектеш кабарлар