Конгодо электр кабели түшүп 26 адам каза болду
Токко урунуп каза болгондордун 24ү аялдар экени белгилүү болду.
1772827
Конго Демократиялык Республикасынын борбору Киншасада жогорку чыңалуудагы электр кабели базардын ичине түшүп кетип, 26 адам каза болду.
Премьер-министр Жан-Мишель Сама Луконде өз билдирүүсүндө, аба ырайынын начардыгынан улам электр кабели үзүлүп төмөндөгү базар жана турак жайларга түшүп кетишинин натыйжасында 26 кишинин токко унуруп каза болгонун, эки кишинин оор жаракат алганын билдирди.
Луконде: «Үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшөмүн. Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын», - деди.
Токко урунуп каза болгондордун 24ү аялдар экени белгилүү болду.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.