Иракта ок-дарылардын калдыктарынан 52 бала каза болду

ЮНИСЕФтин Ирак өкүлчүлүгү, согуштан калган ок-дарылардын балдарга тийгизген таасири тууралуу билдирүү жарыялады.

1772912
Иракта ок-дарылардын калдыктарынан 52 бала каза болду

Иракта өткөн жылы согуштук ок-дарылардын калдыктарынан улам 52 бала көз жумуп, 73 баланын да майып болгону кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам Фондунун (ЮНИСЕФ) Ирак өкүлчүлүгү, согуштан калган ок-дарылардын балдарга тийгизген таасири тууралуу билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө 2021-жылы согуштан калган жарылуучу заттардан улам 52 баланын каза тапкандыгы, 73 баланын майып болгону белгиленди.

Согуш калдыктарынын таасирин азайтуу үчүн дагы күчтүү аракеттер керек экени билдирилип, Иракта согуш калдыктары себептүү балдардын арасында каза болгондордун жана майыптардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 67 пайызга өскөндүгү маалымдалды.



Тектеш кабарлар