Эквадордогу мунайдын төгүлүшү

Мунай Амазонка токойлорундагы дарыяда болжол менен 300 километрдик аянтка жайылды.

1772092
Эквадордогу мунайдын төгүлүшү

Эквадордо төгүлгөн мунайдан улам Амазонка дарыясынын коркунучта экени билдирилди.

Эквадор басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, аска ташынын мунай куурунун үстүнө кулашынын натыйжасында болгон мунайдын төгүлүшү Амазонка токойлорундагы дарыяда болжол менен 300 километрдик аянтка жайылды.

Эквадор Амазонкасынын түпкү улуттары конфедерациясынын вице-президенти Лола Пиягуаже, булгануунун себебинен аймакта жашаган жергиликтүү калктын ден соолугунун коркунучта экенин белгилеп, бийликтен тез чара көрүүнү суранды.

Экологиялык апаат боюнча эскерткен Пиягуаже: «Эквадор мамлекети коюлган талаптарга көңүл бурушу керек, эгер аткарбаса дарыяны тазалоого болгон күчүбүздү жумшайбыз, дарыя түпкүлүктүү элдин бирден-бир байлыгы»,- деди.



Тектеш кабарлар