Бангладештиктер климаттык өзгөрүүдөн улам көчүшүүдө

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Бангладештин жээк аймактарында деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана айыл чарба аймактарында туздун көбөйүшү аймак калкын жаңы чараларды издөөгө алып келди.

1771521
Бангладештиктер климаттык өзгөрүүдөн улам көчүшүүдө

Бангладештин жээк аймактарында жашаган адамдар климаттын өзгөрүшү аймактагы турмушка таасирин тийгизгендиктен борбор шаар Даккага көчүүдө.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Бангладештин жээк аймактарында деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана айыл чарба аймактарында туздун көбөйүшү аймак калкын жаңы чараларды издөөгө алып келди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча өлкөдө жылына 400 миң адам өз айылын таштап кетүүдө. Күн сайын 1000ге жакын адам үйлөрүн таштап, борбор Даккага багыт алышууда. Жашаган  жерлерин таштап, Даккага барган бангладештиктер көчөлөрдө жашап жатышат.

Билим алуу жана саламаттыкты сактоо укуктарынан пайдалана албаган бангладештик   балдар убакыттарын үйдө өткөрүшүүдө.

Өлкөдө 2014 -  жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда Даккада 3 миң 393 жакыр конуш бар.



Тектеш кабарлар