АКШ Катарга «НАТОдон тышкаркы маанилүү өнөктөш» статусун берүүгө камданууда

Жо Байден Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен Овал кеңсесинде эки тараптуу жолугушуудан мурда журналисттерге билдирүү жасады.

1771526
АКШ Катарга «НАТОдон тышкаркы маанилүү өнөктөш» статусун берүүгө камданууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Конгресске Катарга «НАТОдон тышкаркы маанилүү өнөктөш» статусун берүү тууралуу маалымат бергенин айтты.

Жо Байден Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен Овал кеңсесинде эки тараптуу жолугушуудан мурда журналисттерге билдирүү жасады.

Катар менен АКШнын ортосунда 50 жылдык шериктештик бар экенин белгилеген Байден, Доха башкаруусунун 10 миңдеген ооганды кабыл алганын, Газа жана Палестина темаларында маанилүү ролду милдеттенгенин айтты.

Катар аба жолдору менен учак өндүрүүчүсү Боингдин ортосундагы 20 миллиард долларлык келишимди да кубаттагандарын билдирген Байден, мунун Боингдин эң чоң келишимдеринин бири экенин баса белгиледи.

Байден: «Катар жакшы дос жана ишенимдүү өнөктөш. Мен Конгресске Катарды «НАТОдон тышкаркы маанилүү өнөктөш» катары таануу планы тууралуу маалымат берип жатам. Бул биздин мамилебиздин канчалык маанилүү экенинин далили жана буга убакыт келип жетти, ал эмес өтүп баратат»,-деп айтты.

Бүгүнкү күнгө чейин АКШ «НАТОдон тышкаркы маанилүү өнөктөштөр» деп тааныган 18 өлкө бар.

1987-жылы өлкөдө биринчи жолу кабыл алынган мыйзам менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган бул категорияга Австралия, Египет, Израиль, Жапония жана Түштүк Кореяны кошкон.

Перс булуңундагы аймактан Бахрейн менен Кувейтти бул категорияга мурунку президенттерден Жорж Буш кошкон.



Тектеш кабарлар