Чыгыш Кудста уюштурулган демонстрацияга Израиль аскерлери кийлигишти

Бул тууралуу күбөлөрдөн алынган маалыматтар орун алды.

1770488
Чыгыш Кудста уюштурулган демонстрацияга Израиль аскерлери кийлигишти

Негев чөлүндө арабдарга карай жасалган иш-аракеттерге каршы чыгыш үчүн Чыгыш Кудста уюштурулган демонстрацияга Израиль аскерлери кийлигишти.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна (ПКУ) караштуу бөлүү дубалы жана Жөөт отурукташкан жерлерине каршы күрөшүү кеңешинин чакырыгы менен Хан ал-Ахмер шаарында ондогон палестиналык чогулду.

Израилдин Негев чөлүндөгү арабдарга каршы аракеттерине каршы уюштурулган демонстрацияга Палестиналык Уюмдун башкаруучулары, Фатх кыймылынын Борбордук комитети, студенттер, активисттер жана палестиналык үй-бүлөлөр катышты.

Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Негев аймагындагы арабдарды колдогон жана Израилдин аракеттерин айыптаган ураандар менен чыгышты.

Израиль аскерлери палестиналыктарга үн бомбалары менен кийлигишип, аймакка кирип-чыгыштарды тосушту.

Ошол эле учурда Кудстун түштүгүндө Израилдин премьер-министри Нафтали Беннеттин кеңсесинин алдында демонстрация өттү.

Израилдин армиясынын радиосунун кабарына караганда, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарынан келген ондогон израилдик палестиндер  премьер-министрдин кабинетинин алдына чогулушту.

Кабарда демонстрацияга Палестинанын 1948 Ислам кыймылынын түндүк канатынын лидери шейх Раид Салах менен Израиль ассамблеясындагы Биргелешкен араб тизмесинин мүчөлөрүнүн да катышканы белгиленди.

Өкмөттүн жумалык кабинет жыйы өткөн премьер-министрликтин кеңсесинин алдында чогулган демонстранттар Израилдин Негевтеги саясатын сынга алган ураандарды кыйкырышты.



Тектеш кабарлар