Россиянын калкынын санында азаюу

Россиянын калкынын саны Советтер союзунун  таркашынан бери (1991) биринчи жолу өткөн жылы 1 миллиондон азайды.

1770182
Россиянын калкынын санында азаюу

Россиянын калкынын саны Советтер союзунун  таркашынан бери (1991) биринчи жолу өткөн жылы 1 миллиондон ашуун азайды.

Россиянын Федералдык статистика кызматы (Росстат) берген маалыматка караганда, өлкөдө 2021 - жылы өлүм көрсөткүчү андан мурдагы жылга салыштырмалуу 15,1 пайызга өсүп, 2 миллион 440 миң киши каза болгон.

Төрөлгөндөрдүн саны 2,3 пайызга азайып, 1 миллион 400 миңге төмөндөгөн өлкөдө калк Советтер союзу тарагандан бери биринчи жолу өткөн жылы 1 миллион 40 миңге азайды.

Россиянын калкы 2021 - жылдын акырына карай  145,5 миллион адамга азайса, өлкөдө 2020 - жылга салыштырмалуу никеге туруу  саны 923 миңден 770 миңге азайган, ажырашкандардын саны 564 миңден 644 миңге өскөн.

Адистер  Россияга келген мигранттар агымынын да азайганын, бул жагдай өлкөдөгү төрөттүн узакка созулган төмөн көрсөткүчү менен кошулуп, жаңы демографиялык көйгөйгө алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.



Тектеш кабарлар