Электрдүү унаа инвестициялары

Renault, Nissan жана Mitsubishi Motors альянсы келерки беш жылдын ичинде электромобилдерди биргелешип өнүктүрүүгө 23 миллиард евро инвестиция салары билдирилди.

1769502
Электрдүү унаа  инвестициялары

Renault, Nissan жана Mitsubishi Motors альянсы келерки беш жылдын ичинде электромобилдерди биргелешип өнүктүрүүгө 23 миллиард евро (26 миллиард доллар) инвестиция салары билдирилди.

Компаниялардын биргелешкен билдирүүсүндө, Renault, Nissan жана Mitsubishi альянсынын  "2030 электр унаалар планынын"  негизинде келерки тогуз жылда беш жалпы платформа менен кубатталган 35 жаңы электр унаа моделин чыгарары белгиленди.  

Белгиленген мезгилде батарея өндүрүшүндө 220 гигаватт-саат кубаттуулукка жетүүнү максат кылган стратегиянын жүргүзүлөрү  баса белгиленген маалыматта пландын алкагында алдыдагы беш жылда биргелешкен өндүрүш платформаларына, батарейкаларына жана иштөө тутумдарына 23 миллиард евро инвестиция салынары билдирилди.

Башка автомобиль жасоочу ишканаларынын да бул тармактагы инвестицияларын маанилүү өлчөмдө арттыргандыгы көңүлдөрдү бурууда. Тойота өткөн айда электр унааларына 70 миллиард доллар короторун жарыялаган. Немис унаа өндүрүүчүлөрү да электромобилдерге 150 миллиард евродон ашык инвестиция салуу планын жарыялашты.



Тектеш кабарлар