Төрт өлкөнүн лидерлеринин кеңешчилери Берлинде жолугушат

Билдирүүдө кеңешчилердин Украина кризисине байланыштуу 2 жумадан кийин Берлинде кайрадан жолугушуу темасында макулдашкандары кабарланды.

1769017
Төрт өлкөнүн лидерлеринин кеңешчилери Берлинде жолугушат

Франция, Германия, Орусия жана Украина лидерлеринин кеңешчилери Украинадагы кризиске байланыштуу эки жумадан кийин Германиянын борбор шаары Берлинде кайрадан жолугушат.

Елисей сарайынан берилген маалыматта Нормандия форматындагы (Орусия, Германия, Франция жана Украина) өлкөлөрүнүн лидерлеринин кеңешчилеринин тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда борбор шаар Парижде жолугушкандары белгиленди.

Маалым болгондой, кеңешчилер Минск келишимдеринин Норманд форматынын негизин түзөрүн жана ок атышпоо келишимин эч кандай шартсыз сактоо керектигин айтышкан. Ошондой эле кеңешчилер Минск келишимдерин ишке ашырууда тез прогресске жетишүү үчүн ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Билдирүүдө кеңешчилердин Украина кризисине байланыштуу 2 жумадан кийин Германиянын борбор шаары Берлинде кайрадан жолугушуу темасында макулдашкандары кабарланды.



Тектеш кабарлар