Алексей Навальныйдын бир тууганы изделгендер тизмесине алынды

Олег Навальныйдын адвокаты Никас Параскевов берген маалыматында Навальныйдын мындан мурда 1 жыл шарттуу эркинен ажыратылгандыгын эске салды.

1768631
Алексей Навальныйдын бир тууганы изделгендер тизмесине алынды

Россияда камакка алынган оппозициячыл Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальный изделгендер тизмесине алынды. 

Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат системасында орун алган кабарга караганда Олег Навальный изделгендер тизмесине киргизилди. Олег Навальныйдын адвокаты Никас Параскевов берген маалыматында Навальныйдын мындан мурда 1 жыл шарттуу эркинен ажыратылгандыгын эске салды. Параскевов Навальный жаза шарттарын аткарбагандыктан бул тизмеге киргизилгендигин айтты. 

1983 - жылы туулган Олег Навальный 2021 - жылы август айында Москванын Преображенский соту тарабынан социалдык тармактарда орус жарандарын уруксатсыз демонстрацияга чыгууга чакырган билдирүүлөрдү жазган деген жүйө менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Россиянын  Жаза аткаруу федералдык кызматы Навальныйдын шарттарды орундатпады деген негиз менен жазасын нормалдуу абакка алмаштыруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бул тууралуу иш  Москванын Люблинский райондук сотунда каралат.

Оппозициячыл Алексей Навальный кечээ Россияда терроризм жана экстремизмге байланышы бар адамдардын тизмесине киргизилди.

 

 



Тектеш кабарлар