АКШ НАТОнун чыгыш канатын бекемдеп жатат

Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында / "Россия Украина чек арасындагы чыңалууну күчөтүүдө",-деп билдирди.

1767632
АКШ НАТОнун чыгыш канатын бекемдеп жатат

Украинанын чек арасында Россиянын аскердик күчтөрүн көбөйтүүсүнөн улам чыңалуунун курчушуна байланыштуу АКШ НАТОнун чыгыш канатын бекемдөө пландарын даярдап жатат.

Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы Жон Кирби, кризисте күтүлбөгөн окуяларга каршы НАТОнун жооп берүү күчтөрүнүн кыймылга келишине колдоо көрсөтүү үчүн 8 миң 500 аскерди  даярдашкандарын айтты.

Кирби күнүмдүк маалымат жыйынында "Россия Украина чек арасындагы чыңалууну күчөтүүдө",-деп билдирди.

"Президенттин Жо Байдендин көрсөтмөсү жана Коргоо министрлигинин катчысы Ллойд Остиндин кеңеши боюнча, Америка Кошмо Штаттары армияны өлкө ичинде  жана чет өлкөлөрдө сергектигин жогорулатуу үчүн кадамдарды жасады. Ушул алкакта аракетке өтүлө турган болсо, НАТОнун жооп кайтаруу күчүнө колдоо жана бир топ күтүлбөгөн абалдарга жооп берүүгө даяр»,- деди.  

Кирби бул этапта 8 миң 500 аскердин даярдыкта экенин жана бул аскерлердин НАТОнун жооп берүү күчтөрүнүн ишке кириши менен гана жиберилерин баса белгилеп, бул этапта эч кандай чечим чыгарылбаганын баса белгиледи. Басма сөз катчысы Кирби бул аскерлердин АКШдан да, аймактан да жиберилиши мүмкүн экенин белгиледи.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд Россияны аскердик аракеттерден тышкары кибер чабуулдарды жана жалган маалымат таратуу кампанияларын жүргүзүүдө деп айыптады.

«Россиянын Украинага каршы иш-аракеттери бир гана аймактык эмес», «Украина коркунучунун Украина көйгөйүнөн да чоң экенин» белгилеген Томас Гринфилд, басып алуунун «Пандоранын кутусун ача турганын» эскертти.

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШнын Украинадагы дипломатиялык кызматкерлердин үй - бүлөлөрүнүн өлкөдөн чыгып кетишин каалап жатканын жана Украинага саякат эскертүүсүн эң жогорку деңгээлге көтөргөнүн эске салып : «Учурда бизде бул жерден эвакуациялоо планы жок. Бирок биз америкалык жарандарга бул өлкөдөн чыгып кетүүнү айтып жатабыз", - деди.



Тектеш кабарлар