Ковид-19 менен D витамининин ортосундагы байланыш

Spring.org сайтындагы кабарга караганда, илимпоздор изилдөө жүргүзүштү.

1767102
Ковид-19 менен D витамининин ортосундагы байланыш

Коронавируска (Ковид-19) чалдыккандардын жана вирус менен байланышкан өлүмдөрдүн D витамининин жетишсиздигинен болушу мүмкүн экени айтылды.

Spring.org сайтындагы кабарга караганда, илимпоздор Ковид-19 менен D витамининин ортосундагы байланышты иликтеген изилдөө жүргүзүштү.

Изилдөөнүн алкагында Европадагы 20 өлкөнүн саламаттык сактоо маалыматтары иликтенди.

Изилдөөдө D витамининин жетишсиздиги Италия, Швейцария жана Испания сыяктуу өлкөлөрдүн улгайган калкында байкалды.

Адистер Түштүк Европа өлкөлөрүндөгү адамдардын D витамининин төмөн болушу күн нурунан аз пайдаланышына байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Бир тараптан, Скандинавия өлкөлөрүндө Ковид-19 учурларынын көп катталбашынын D витамини жана балык майы сыяктуу кошумчаларды колдонууга байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылды.

Изилдөөдө Д витаминин негизинде вируска байланыштуу өлүмдүн алдын алууга болору аныкталды.

Буга чейинки изилдөөлөрдө D витаминин жетишсиздиги дем алуу органдарынын оорулары менен байланыштуу болушу мүмкүн деп айтылган.



Тектеш кабарлар