ДССУдан Ганага медициналык жардам

Батыш Гана облусундагы жарылууда 17 киши көз жумуп, 59 киши жаракат алган.

1767301
ДССУдан Ганага медициналык жардам

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Ганада 17 адамдын өмүрүн алган жарылуудан кийин өлкөгө шашылыш медициналык жардам жөнөттү.

Батыш Гана облусунда шахтада колдонула турган жардыргыч затты ташыган унаанын мотоцикл менен кагышуусунун натыйжасында болгон жарылууда 17 киши көз жумуп, 59 киши жаракат алган.

ДССУнун Гана өкүлү доктор Рафик Окине кырсыктан кийин ДССУнун Гана жетекчилери жардам көрсөткөндөрүн айтты.

Окине чукул абал үчүн аймакка плевралык дренаж системалары, 452 стерилдүү бинт жана 160 пачка гипс жөнөтүлгөнүн билдирди.

Жөнөтүлгөн материалдардын катуу күйүк алган 59 кишини дарылоодо колдонула турганын белгилеген Окине, ДССУнун Гананын жанында экенин айтты.



Тектеш кабарлар