Талибандын делегациясы Норвегиядагы сүйлөшүүлөргө катышат

Талибан өкүлдөрүнүн 23-25-январь күндөрү Ослого чакырылганы айтылды.

1766377
Талибандын делегациясы Норвегиядагы сүйлөшүүлөргө катышат

Ооганстанда башкарууну колго алган Талибандын делегациясынын келерки аптада Норвегиянын борбору Ослодо сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланды.

Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, талибдердин өкүлдөрүнүн 23-25-январь күндөрү Ослого чакырылганы айтылды.

Талибан делегациясынын Норвегия өкмөтү, кээ бир союздаш өлкөлөр жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Норвегияда жолугушууларды өткөрө турганы билдирилип, аталган жыйындарга кайсы өлкөлөрдүн катышаары тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок.

Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуйтфельдт Ооганстандагы гуманитардык кризиске тынчсыздануусун билдирип, соңку окуяларды "миллиондогон адамдарга таасир эткен толук масштабдуу гуманитардык апаат" деп мүнөздөдү.

Хуйтфельдт бул сүйлөшүүлөрдүн талибдерди мыйзамдаштыруу же таануу эмес экенин, бирок өлкөнү чындап башкарып жаткандар менен сүйлөшүү керектигин белгиледи.

Министр Хуйтфельдт саясий кырдаалдын кризисинин тереңдешине жана гуманитардык апаатка алып келишине жол бере албай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар