Шольц менен Жонсон Украина кризисин сүйлөштү

Сүйлөшүүнүн негизги темасынын Украина чек арасындагы орус аскер бөлүктөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу тынчсыздануу болгонун белгиленди.

1766401
Шольц менен Жонсон Украина кризисин сүйлөштү

Германиянын канцлери Олаф Шольц Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Украина кризисин талкуулады.

Германия өкмөтүнүн катчысы Штеффен Хебестрейт жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, канцлер Шольцтун британ кесиптеши Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

Хебестрейт сүйлөшүүнүн негизги темасынын Украина чек арасындагы орус аскер бөлүктөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу тынчсыздануу болгонун белгиледи.

Эки премьер-министрдин Орусиянын Украинага каршы жаңы аскерий агрессиясынын алдын алуу боюнча макулдашканын баса белгилеген Хебестрейт: «Мындай учурда Орусиянын оор чыгымга учарай турганын күтөөрү да анык», - деди.


Этикеткалар: #Украина кризисин

Тектеш кабарлар