Зеленкий Блинкен менен жолугушту, НАТОдон колдоо келди...

Зеленский Твиттерде Блинкендин өлкөсүндөгү чыңалууну басаңдатууга катышканын жогору баалаганын билдирди.

1765349
Зеленкий Блинкен менен жолугушту, НАТОдон колдоо келди...
stoltenberg.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Зеленский Твиттерде Блинкендин өлкөсүндөгү чыңалууну басаңдатууга катышканын жогору баалаганын билдирди.

АКШнын саясий жана коопсуздук колдоосуна ыраазы экендиктерин билдирген Зеленский Украинасыз Украина боюнча чечим кабыл алынбай турганына ишенээрин билдирди.

Бир тараптан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын президенти Зеленский менен сүйлөшүп, альянстын колдоосун билдирди.

Столтенберг Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу социалдык медиа аркылуу билдирүү жасады.

Зеленскийге «Орусиянын коркунучуна каршы НАТОнун Украинага күчтүү колдоосун билдиргенин» белгилеген Столтенберг, НАТО союздаштарынын Орусияны чыңалууну тез арада басаңдатууга чакырганын айтты.

Йенс Столтенберг: «Биз Орусия менен диалогду калыбына келтирүүгө даярбыз, бирок негизги принциптерибизден тайбайбыз», - деди.



Тектеш кабарлар