Боррель: «Орусиянын АКШ жана НАТО менен сүйлөшүүлөрү АКШ менен ЕБди бөлүүнү максаттайт»

Европа Парламентинин тышкы байланыштар жана коопсуздук жана коргонуу комитеттери Украинанын чыгышында жана Орусия менен чек арада уланып жаткан кризиске байланыштуу кезексиз биргелешкен жыйын өткөрдү.

1764334
Боррель: «Орусиянын АКШ жана НАТО менен сүйлөшүүлөрү АКШ менен ЕБди бөлүүнү максаттайт»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Орусиянын Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана НАТО менен сүйлөшүүлөрүндө ЕБге сунуш  алып барбоосунун АКШ менен ЕБди бөлүүнү максат кылганын айтты.

Европа Парламентинин тышкы байланыштар жана коопсуздук жана коргонуу комитеттери Украинанын чыгышында жана Орусия менен чек арада уланып жаткан кризиске байланыштуу кезексиз биргелешкен жыйын өткөрдү.

Жыйналышта сөз сүйлөгөн Боррель, 100 миңге жакын орус аскеринин Украина чек арасына жайгаштырылышынан кийин пайда болгон чыңалуу жана Орусиянын АКШ жана НАТОго берген Европадагы коопсуздук кепилдиктери сыяктуу темалар талкууланган сүйлөшүүлөрүнө токтолду.

Боррель, кээ бир чөйрөлөр Орусиянын ЕБ менен үстөлгө келе албаганын «Евробиримдиктин ийгиликсиздиги» катары баалап жатканын белгилеп. «Сүйлөшүүлөр улана берсе, бирок бул көпкө созулчудай эмес, ал тургай үстөл үстүндө бизге таасир эткен сунуштар болсо, биз сөзсүз түрдө бир тарапта болушубуз керек»,-деди.

Жогорку өкүл: «Сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болушубузду Орусиянын каалабай жатканынын себеби түшүнүктүү. Батыш дубалды жарып, АКШ менен Европа Биримдигин бөлүү Орусиянын кызыкчылыгында»,-деп өз баасын берди.

10-январда Швейцариянын Женева шаарында АКШ менен Орусиянын жолугушуусу, 12-январда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны өттү.

Боррель Евробиримдиктин Орусияга каршы «алдын алуучу санкцияларды» киргизүүдөн баш тартканын жана курчуган кырдаалга даярдыксыз калбоо жана керек учурда ишке ашыруу үчүн санкция долбоорун даярдаганын баса белгиледи.

Евробиримдиктин Орусияга каршы чыңалууну азайтуу чакырыгы жана кризистин алдын алуу режиминде калышы керектигин белгилеген Боррель, ошол эле учурда Украинага каршы жасалган жаңы кол салуулардын жоопсуз калбай турганын баса белгилөөсүн улантышы керектигин айтты.

Украина өкмөтүнүн ушул убакка чейин түздөн-түз жардам сурабаганын, бирок эгер керек болсо жардам бере турган ЕБ ичинде орток пикир бар экенин белгилеген Боррель, Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин 24-январда боло турган жыйынында ар түрдүү сунуштарга баа берилерин айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо өткөн айда Брюсселде өткөн Евробиримдик-Чыгыш өнөктөштүк саммитинен кийин Евробиримдик Орусиянын аймагына ыктымал чабуулду күтпөстөн, санкцияларды киргизүүсү керектигин айткан.

Бир тараптан Евробиримдик Боррелдин кеңсеси тарабынан 17-январдагы жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Орусияны Алексей Навальныйдын камалганынын 1 жылдыгында бошотууга чакырды.

Анда,«Биз орус бийлигин Навальныйды тез арада жана шартсыз бошотууга жана Адам укуктары боюнча Европа соту тарабынан анын өмүрүнө болгон коркунучтун мүнөзүнө жана көлөмүнө байланыштуу убактылуу чараны аткарууга чакырыгыбызды кайталайбыз»,-деп айтылган.



Тектеш кабарлар