БАЭде куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусу жана жардыруулар...

Бир тараптан БАЭнин расмий агентиги болгон WAM кабарына караганда Абу-Дабидеги Мусаффах аймагына куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты (SİHA) менен кол салуу болду.

1763874
БАЭде куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусу жана жардыруулар...

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор шаары Абу-Дабиде куралдуу учкучсуз учуучу аппараттын деп шектелген чабуулунан үч киши каза болду.

Полиция кол салууда 6 кишинин жараланганын билдирди.

Бир тараптан БАЭнин расмий агентиги болгон WAM кабарына караганда Абу-Дабидеги Мусаффах аймагына куралдуу учкучсуз учуучу аппаратты (SİHA) менен кол салуу болду.

Кол салуудан 3 күйүүчү май ташыгычта жарылуу болгондугу белгиленди.

Жардыруудан кийин БАЭ улуттук мунай компаниясы ADNOC менен Абу-Даби эл аралык аэропортунун жанында өрт чыкканы кабарланган.

Кол салуудан улам олуттуу кыйроо болбогону билдирилсе, каза болгондор жана жаралангандар тууралуу маалымат берилген жок.

Бир тараптан Хуситтердин аскердик катчысы Яхья Сери хуситтерге таандык Al-Masira телеканалына: «Жакынкы сааттарда БАЭнин тереңдигине болгон аскердик кол салуу тууралуу билдирүү жасайм»,-деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар