Microsoft: «Кибер чабуул Киевдин санариптик инфраструктурасын бутага алган»

Апта ичинде Украинада Тышкы иштер министрлиги баш болгон айрым министрликтердин жана мекемелердин сайттарына жасалган кибер чабуулдун чоо-жайы ачыкка чыкты.

1763394
Microsoft: «Кибер чабуул Киевдин санариптик инфраструктурасын бутага алган»

Украинага кибер чабуулдун өлкөнүн инфраструктурасын бутага алганы билдирилди.

Апта ичинде Украинада Тышкы иштер министрлиги баш болгон айрым министрликтердин жана мекемелердин сайттарына жасалган кибер чабуулдун чоо-жайы ачыкка чыкты.

Microsoft пираттык программалык камсыздоо акча талап кылуу катары иштелип чыкканын, бирок ал акча талап кылуу эмес, бутадагы түзмөктөрдү иштетпей коюу максатында экенин баса белгиледи.

Microsoft ошондой эле Украинаны санариптик инфраструктура бутага алынганы боюнча эскертти.

Компания Украинадагы кол салуудан жабыркаган уюмдардын саны мурда ойлогондон көп болушу мүмкүн экенин жарыялады.

Украинанын Санариптик Трансформация министрлиги бардык далилдер өлкөгө жасалган кибер чабуулдун артында Орусиянын турганын көрсөткөнүн жарыялады.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын кибер чабуулдарга эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Украинада 14-январда айрым министрликтердин, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин сайттары хакердик чабуулга кабылган.



Тектеш кабарлар