Сомалинин борбор шаарында бардык митингдерге тыюу салынды

Сомалиде оппозициялык партиялар президент Мухаммед Абдулла Фермакуга каршы нааразылык акциясына даярданып жатканда бардык митингдерге тыюу салынганы жарыяланды.

1761367

Могадишо мэри Омар Филиш борбор шаар Могадишонун дагы бир кыйынчылык менен күрөшө албасын белгилеп, пландалган нааразылык акцияларына уруксат берилбей турганын айтты.

Өлкөнүн шайлоо мезгилине киргендигин эске салган Филиш  бардык саясатчылардын нааразылык акйияларын уюштуруудан алыс болушун суранды.

Могадишодогу Хираал институтунун башчысы Хусейн Моалим митингдерге тыюу салуу элдин конституциялык укугун бузуу экендигин айтып, президент Фермакуну өлкөдө адаттан тыш бардык нерсени нормалдаштырууга аракет кылуу менен айыптады.

Оппозициялык партиялар  премьер - министр Хусейн Роблени кызматтан кетирүү менен төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптаган президент Фермакуга каршы эртең нааразылык акцияларды баштоону пландап жатышкан.

Тектеш кабарлар