Индия Брахмос канаттуу ракетасынын деңиздеги вариантын сынады

Коргоо министри Ражнат Сингх ракетанын ийгиликтүү учурулганы Индиянын Аскер-деңиз флотунун кызматка даярдыгын тастыктады деп билдирди.

1761196
Индия Брахмос канаттуу ракетасынын деңиздеги вариантын сынады

Индия өзүнүн үндөн ылдам учуучу Брахмос канаттуу ракетасынын деңиздеги вариантын ийгиликтүү сынаганын жарыялады.

Индиянын Коргоо изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун (DRDO) билдирүүсүнө караганда, «БрахМос үндөн ылдам учуучу канаттуу ракетасынын деңизден деңизге чейинки өркүндөтүлгөн варианты бүгүн INS Visakhapatnamдан сыналды. Ракета белгиленген бутага так тийди»,делди.

Коргоо министри Ражнат Сингх ракетанын ийгиликтүү учурулганы Индиянын Аскер-деңиз флотунун кызматка даярдыгын тастыктады деп билдирди.

Ноябрда Индиянын Аскер-деңиз флоту деңизде үндөн ылдам учуучу канаттуу Брахмос ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн.

Ракета май айында Су-30 MKI согуштук учагынан жана сентябрда Одишадагы комплекстүү сыноо полигонунан ийгиликтүү учурулганы жарыяланган.

Индиянын Брахмапутра дарыясы менен Орусиянын Москва дарыясынын атынан аталган Брахмос ракетасын эки өлкө биргелешип иштеп чыгууда.

Үндөн 2,8 эсе ылдам Брахмос ракетасы абадан, кургактыктан жана деңизден учурула алат.



Тектеш кабарлар