Европа Биримдиги Түндүк Кореяны айыптады
Түндүк Кореянын эки жолу ракета учурганы эске салынды.
Европа Биримдиги (ЕБ) Түндүк Кореянын бир жумада эки жолу ракета сынашын айыптады.
Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө, Түндүк Кореянын 5чи жана 11-январда эки жолу ракета учурганы эске салынды.
«Түндүк Кореянын мыйзамсыз курал системаларына ээ болуу аракеттери эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирет» деген билдирүүдө Түндүк Кореяга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорунун алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу чакырыгы айтылды.
Билдирүүдө Түндүк Кореядан АКШ жана Түштүк Корея менен конструктивдүү дипломатияга баруусу, өзөктүк куралдан арылууга багытталган иш-аракеттерди баштоосу жана массалык кыргын салуучу куралдардан баш тартуусу талап кылынды.
Евробиримдик Түндүк Кореяга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдорун аткарганга дейре ага каршы санкцияларды киргизүүнү уланта турганын билдирди.
Япония менен Түштүк Корея 11-январда Түндүк Кореянын баллистикалык болуу ыктымалдыгы жогору ракетасын сынаганын билдиришкен. Түндүк Корея 5-январда "гиперүндүү ракетасын ийгиликтүү сынаганын" жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.