БУУ: «Шабел дарыясындагы суунун деңгээли төмөндөп кетти»

Аймакта жашаган 2 миллионго жакын адамдын азык-түлүк өндүрүшү жана жашоо-тиричилигинин дарыяга көз каранды экендиги баса белгиленди.

1761000
БУУ: «Шабел дарыясындагы суунун деңгээли төмөндөп кетти»

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Сомалиде уланып жаткан кургакчылыктан улам Шабел дарыясындагы суунун деңгээли абдан төмөндөп кеткенин эскертти.

ФАОнун билдирүүсүндө: «Дарыядагы суунун деңгээли Белетвейн аймагында олуттуу деңгээлге чейин төмөндөдү,-деп айтылды.

Аймакта жашаган 2 миллионго жакын адамдын азык-түлүк өндүрүшү жана жашоо-тиричилигинин дарыяга көз каранды экендиги, Сомалиде кургакчылыктын күн сайын артканы баса белгиленди.

Сомалиде өкмөт кургакчылыктын өлүмгө алып келген кесепеттеринен улам 10-ноябрда глобалдык жардамга чакырып, 23-ноябрда жалпы улуттук "өзгөчө кырдаал" жарыялаган.

2011-жылдагы кургакчылык жана азык-түлүк кризисинен улам Сомалиде болжол менен 260 миң киши каза болгон.



Тектеш кабарлар