Сергей Лавров кытайлык кесиптеши менен Казакстан тууралуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Казакстанда болгон окуяларда тышкы күчтөрдүн таасири тууралуу тынчсыздануу билдирилди.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи Казакстандагы кырдаалдар тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Лавров менен Ванг телефон аркылуу сүйлөшүүдө Казакстан башкаруусунун өлкөдө конституциялык тартипти калыбына келтирүү аракетине күчтүү колдоо көрсөтүштү.
Сүйлөшүүдө Казакстанда болгон окуяларда тышкы күчтөрдүн таасири тууралуу тынчсыздануу билдирилип, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаевдин коркунучтарга каршы өз убагында жана пропорционалдуу кадам таштаганы белгиленди.
Ванг Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Тынчтык күчүнүн Казакстанда көргөн чараларына оң баа берген сүйлөшүүдө Шанхай Кызматташтык Уюмунун Евразия жана Орто Азияда коопсуздукту түзүүнүн маанисине көңүл бурулду.
Лавров да сүйлөшүүдө өлкөсүнүн АКШ менен Женева шаарында башталган жана НАТО менен өткөрүлө турган коопсуздук сүйлөшүүлөрү тууралуу Вангга маалымат берди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.