АКШ менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Женевада жолугушту

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайстын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Шерман менен Рябковдун Стратегиялык стабилдүүлүк диалогунун (SSD) кезексиз жыйынында эки тараптуу маселелерди талкуулаганы билдирилди.

1759945
АКШ менен Орусиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Женевада жолугушту

Швейцариянын Женева шаарында Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Р.Шерман Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен жолугушканы маалымдалды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайстын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Шерман менен Рябковдун 10-январдагы (бүгүн) Стратегиялык стабилдүүлүк диалогунун (SSD) кезексиз жыйынында эки тарап карала турган эки тараптуу маселелерди талкуулаганы билдирилди.

Билдирүүдө, «Жолугушуунун жүрүшүндө катчынын орун басары Кошмо Штаттардын эл аралык суверенитеттин, аймактык бүтүндүктүн жана суверендүү мамлекеттердин өз союздарын тандап алуу эркиндигинин принциптерине берилгендигин баса белгиледи»,делди.

Шермандын орус кесиптешине АКШ дипломатия жолу менен реалдуу жылыштарга жетишсе канагаттана турганын билдиргени белгиленди.

Билдирүүдө: «АКШ SSD жолугушуусунда Орусия менен кээ бир эки тараптуу маселелерди талкуулайт, бирок биздин европалык өнөктөштөрүбүз болбостон Европанын коопсуздугун талкуулабайт»,деген маалымат берилди.

Билдирүүдө катчынын орун басары айрым маселелердин 12-январда Бельгиянын Брюссел шаарында өтө турган НАТО-Орусия кеңешинин жыйынына жана 13-январда Австриянын борбор шаары Венада өтө турган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Туруктуу кеңешинин жыйынына калтырыла турганын билдирди.



Тектеш кабарлар