Никарагуада жер титиреди

Азырынча жер титирөөдөн адам өмүрүнө жана мүлккө жоготуулар катталган жок.

1758590
Никарагуада жер титиреди

Борбордук Америкадагы Никарагуада күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Геологиялык изилдөө кызматы (USGS) 21,7 километр тереңдикте катталган жер титирөөнүн эпицентринин Коринто аймагынан болжол менен 56 километр түштүгүндө болгонун билдирди. 

Баш калаа Манагуада да сезилген жер титирөөдө жарандардын көчөлөргө агылганы жана аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн терминалдан эвакуацияланганы кабарланды.

Азырынча жер титирөөдөн адам өмүрүнө жана мүлккө жоготуулар катталган жок.

Өлкө сейсмикалык активдүүлүк күчөгөн "Тынч океандын от шакеги" деп аталган жер титирөө тилкесинде жайгашкан.

Никарагуада 2000-жылдын 8-июлунда болгон 5,9 баллдык жер титирөөдөн 12 адам каза тапкан болчу. 



Тектеш кабарлар