Индияда уулуу газдан 6 адам каза болду

Индиянын Гужарат штатында бир танкерден чыккан уулуу газдан 6 адам каза болду.

1758032
Индияда уулуу газдан 6 адам каза болду

Индиянын Гужарат штатында бир танкерден чыккан уулуу газдан 6 адам каза болду. 

Коопсуздук боюнча жетекчи Махесх Пател Гужараттын Сурат шаарындагы өнөр жайдагы танкерден уулуу газдын чыккандыгын билдирди. Пател газдан таасирленген 6 адамдын каза болгондугун, 25 адамдын ооруканага жаткырылгандыгын айтты. 

Жергиликтүү медиада чыккан кабарларга караганда, уулуу газ танкердин айдоочусунун унаада калган химиялык таштандыларды бошотуп жатканда чыккан. Бул учурда өнөр жайда уктап жаткан жумушчулар газдан жабыркады.

 



Тектеш кабарлар