ЮНИСЕФ: «Сирияда жылдын алгачкы 4 күнүндө эки бала каза болду»
ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, Сирияда балдардын 11 жылдан бери уланган ырайымсыз согуштун курмандыгы болуп жатканына көңүл бурулду.
1757416
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Сирияда күчөгөн кагылышуулардан улам жаңы жылдын алгачкы 4 күнүндө 2 баланын каза болгонун, 4 баланын болсо жараланганын кабарлады.
ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө, Сирияда балдардын 11 жылдан бери уланган ырайымсыз согуштун курмандыгы болуп жатканына көңүл бурулду.
Өткөн жылы балдарга карата укук бузуулардын 70 пайызынын Сириянын түндүк-батышында болгондугу белгиленген билдирүүдө, жаңы жылдын алгачкы 4 күнүндө да өлкөнүн түндүк-батышында күч алган кагылышуулардын айынан 2 баланын каза тапкандыгы, 4 баланын жараланганы белгиленди.
Билдирүүдө Идлибдин сыртындагы Аршани айылындагы суу сактагычка жасалган кол салуудан улам 241 миңден ашуун кишинин суусуз калганы маалымдалды.