Судандын премьер-министри кызматтан кеткенин жарыялады,өлкөдө демонстрациялар уланууда

Өлкөнү апаатка сүйрөп кетпеш үчүн колунан келгендин баарын кылганын жактаган Хамдук:«Судан төңкөрүшү өзүнүн максаттарына карай бара жатат»,-деп айтты.

1756154
Судандын премьер-министри кызматтан кеткенин жарыялады,өлкөдө демонстрациялар уланууда

Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук кызматтан кеткенин жарыялады.

Абдулла Хамдук мамлекеттик телеканалдан билдирүү жасап: «Судан элине жол ачуу үчүн мен ишенимди тапшыруу менен отставкага кетүүнү чечтим»,-деди.

Өлкөнү апаатка сүйрөп кетпеш үчүн колунан келгендин баарын кылганын жактаган Хамдук:«Судан төңкөрүшү өзүнүн максаттарына карай бара жатат»,-деп айтты.

Кыска убакытта оңдолбосо, өлкөнүн бар болушуна коркунуч туудурган кооптуу бурулуштан өткөнүн белгилеген Хамдук, кризиске чечим табуу үчүн бардык аракеттерине карабастан бардык саясий жана аскердик тараптар менен жолугушканын, бирок эч кандай натыйжа ала албаганын айтты.

Бир тараптан борбор шаар Хартумда жарандык башкаруунун талабы менен уюштурулган демонстрацияларга коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүнүн натыйжасында эки киши каза болду.

Судандын Борбордук Дарыгерлер комитетинин билдирүүсүндө, демонстрацияларда 2 кишинин каза болгону, 2021-жылдын 25-октябрынан бери тастыкталган каза болгондордун саны 56га жеткени белгиленди.

25-октябрда өлкөдө бийликти армия басып алган жана андан бери жарандык администрациянын тарапкерлери аскерлердин казармага кайтып келүүсүн талап кылып, демонстрацияларды өткөрүшүүдө.

Армия болсо 2023-жылдын июль айында шайлана турган өкмөт түзүлмөйүнчө бийликте өнөктөш болууну уланта турганын билдирүүдө.



Тектеш кабарлар