Дүйнөдөгү эң кары адам 119 жашка толду

Япониянын түштүк-батышындагы Фукуока облусунда карылар үйүндө жашаган Танака кызматкерлер менен мимикасы аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды.

1756056
Дүйнөдөгү эң кары адам 119 жашка толду

Дүйнөдөгү эң кары адам деп эсептелген япониялык аял Танака Кейн 119 жашка толду.

2019-жылдын март айында Гиннесстин рекорддор китебинин "дүйнөдөгү эң кары адам" наамына ээ болгон Танака кечээ 119 жашка толду.

Япониянын түштүк-батышындагы Фукуока облусунда карылар үйүндө жашаган Танаканын кызматкерлер менен мимикасы аркылуу сүйлөшкөнү кабарланды.

Сандык табышмактарды чечкен Танаканын шоколадды жана газдалган суусундуктарды жакшы көргөндүгү белгиленди.

Танакага чейин дүйнөнүн эң кары адамы 2018-жылы июлда 117 жашында каза болгон япониялык аял Чио Мияко эле.

Гиннесстин рекорддор китебине караганда, дүйнөдөгү эң узак жашаган адам 1997-жылы 122 жашында каза болгон француз аял Жанна Луиза Калмент.



Тектеш кабарлар