Болгарияда куш тумоосу

Куш тумоосунан улам 39 миң тооктун жок кылынгандыгы билдирилди.

1756063
Болгарияда куш тумоосу

Болгариянын түштүгүндөгү бир айылда куш тумоосунун эпидемиясынын айынан 39 миң тоок жок кылынды.

Болгариялык жетекчилер, Криво Поле айылындагы эки фермада байкалган «А» тибиндеги өтө патогендүү куш тумоосунан улам чара көрүлүп 39 миң тооктун жок кылынганын билдиришти.

Бул эпидемиянын айылда апрель айынан бери байкалган экинчи толкун экени белгиленди.

Эпидемиянын биринчи толкунунда 40 миңден ашык тоок жок кылынган.



Тектеш кабарлар