Европанын бир топ өлкөсү жаңы жылга чектөөлөр менен кирди

Бранденбург капкасынын алдында бир гана немис коомдук ZDF каналы тарабынан концерт уюштурулду.

1755405
Европанын бир топ өлкөсү жаңы жылга чектөөлөр менен кирди

Европанын бир топ өлкөсү жаңы жылга коранавирустун Омикрон варинатынын  жайылышына каршы киргизилген чектөөлөр менен кирди.

Германиянын борбор шаары Берлиндин символдорунан Бранденбург капкасынын алдында жыл сайын 100 миңден ашуун киши катышкан жаңы жылдык майрам Ковид  - 19га карата чектөөлөрдөн улам эки жылдан бери өткөрүлбөйт.

Бранденбург капкасынын алдында бир гана немис коомдук ZDF каналы тарабынан концерт уюштурулду.

Ковид  - 19дун Омикрон варинатынан улам чектөөлөрдү кайрадан киргизе баштаган Германия жалпы өлкөдө фейерверктерге тыюу салды.

Нидерландия өкмөтү да  Ковид  - 19  эпидемиясына карата чектөөлөрдүн негизинде жаңы жылда фейерверк сатууну жана майрамдарга тыюу салды.

Швецияда социалдык аралык эрежесине баш ийбестен фейерверктер атылды. Стокгольмдун борборунда жүздөгөн киши катышкан майрамда ондогон полиция жана тез жардам даяр күтүп турду.

Британиянын борбор шаары Лондодо жаңы жылдык майрам тыюу салуулардын алкагында өттү. Ковид-19 чараларынын алкагында жыл сайын майрамдар өткөрүлүүчү Лондондо быйыл расмий фейерверк шоусу болбосо да, майрамга келген айрым жарандар фейерверктерди атышты.

Америка Кошмо Штаттарынын  эң көп туристтерди тарткан шаары  Нью - Йорктун Таймс аянтында Омикрон варианты  көбөйгөнүнө карабастан, миңдеген жергиликтүү жана чет элдик зыяратчылардын катышуусунда жаңы жыл майрамы өткөрүлдү.

Нью-Йорк мэри болуп шайланган Эрик Адамс ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен Таймс аянтында  жүз миңдеген нью - йорктуктар жаңы жылга кубанычтуу  киришти.



Тектеш кабарлар