Махмуд Аббас Израилдин коргоо министри менен жолугушту

Жолугушууда коопсуздук жана жарандык аймактарда  ар кандай маселелер талкууланды.

1753953
Махмуд Аббас Израилдин коргоо министри менен жолугушту

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Израилдин коргоо министри Бенни Ганц менен жолугушту.
Израилдин Коргоо министрлигинин басма сөз кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Ганцтын кечээ кечинде Палестинанын мамлекет башчысы Аббасты Рош Хаайндагы үйүндө тосуп алганы белгиленди.

Жолугушууда коопсуздук жана жарандык аймактарда  ар кандай маселелер талкууланды. Билдирүүдө "Жолугушуу болжол менен 2,5 саатка созулду. Израилдин коргоо министри Палестинанын президентине ишенимди арттыра турган иш - аракеттерин улантууга даяр экендиктерин билдирди",- деп маалымдалды.  

Израиль  карым - катнаштарынан жооптуу Палестинанын жарандык иштер башкармалыгынын башчысы Хусейн еш - Шейх  твиттер эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө президент Аббастын Ганц менен жолугушканын айтты.

Жолугушууда эл аралык коомчулуктун чечимдерине ылайык саясий горизонт ачуу мүмкүнчүлүктөрүнүн сүйлөшүлгөнүнө көңүл бурган шейх, еврей отурукташуучулардын Батыш Шериада кылгандарынан улам  чыккан чыңалуулар башта болуп, коопсуздук, экономикалык жана гуманитардык темалардын талкуулангандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар