Кумбре-Вьеха жанар тоосунун атылышы аяктады

Жооптуу кызматкерлер бир канча убакыттан бери жымжырт болгон жанар тоонун активдүүлүгү толугу менен токтоп калганын жарыялашты.

1752584
Кумбре-Вьеха жанар тоосунун атылышы аяктады

Испаниянын Ла-Пальма аралында 19-сентябрда кыймылдай баштаган Кумбре-Вьеха жанар тоосунун атылышы аяктады.

Жооптуу кызматкерлер бир канча убакыттан бери жымжырт болгон жанар тоонун активдүүлүгү толугу менен токтоп калганын жарыялашты.

Жанар тоо активдүү болгон күндөрдүн саны «85 күн 18 саат» деп эсептелген.

Канар аралдарында 50 жылдан кийин активдешкен жанар тоо бул процессте 94 миллион метр кубдан ашык лаваны чачты.

Жанар тоонун активдүү мезгилинде эч кандай жаракат алган жана адам өлүмү болгон эмес, бирок 3000ге жакын имарат кыйрап, 7 миңге жакын адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Жарылуудан келип чыккан зыян 900 миллион евродон ашты.



Тектеш кабарлар