Япон гезити Түркиянын тышкы саясаттагы ролуна басым жасады

«Nikkei Asia», Түркиянын экономикалык жана саясий абалы менен президент Режеп Таййип Эрдогандын саясатына баа берген макаласын жарыялады.

1752300
Япон гезити Түркиянын тышкы саясаттагы ролуна басым жасады

Япониянын экономикалык «Nikkei Asia» гезитинде жарыяланган макалада Түркиянын тышкы саясаттагы ролуна көңүл бурулду.

Дүйнөнүн алдыңкы экономика гезиттеринин бири болгон «Nikkei Asia», Түркиянын экономикалык жана саясий абалы менен президент Режеп Таййип Эрдогандын саясатына баа берген макаласын жарыялады.

Анализде Түркиянын геосаясий күч ролуна токтолуп: «Түркия эми өзүнүн геосаясий максаттары жана эркин дипломатиялык кадамдары менен аймактык держава болууну көздөөдө»,- деген сөздөр камтылды.

Түркиянын аскердик операция күчүн да камтыган макалада, «Анкара катуу күчкө кайрылганда, көп адам күткөндөн да көбүрөөк колун бекемдеди» деген пикирлер айтылды.

Макалада: «Түрк учкучсуз учактары Азербайжандагы, Ливиядагы жана Сириядагы аскердик кагылышууларда согуштун жыйынтыгын өзгөрттү»,-деп жазылды.

Түркиянын тышкы саясатына да көңүл бурулган анализде, өлкөнүн экономикалык саясаттагыдай геосаясий күч тең салмактуулугуна өтө алары жана кээде өз алдынча кыймыл кыла ала турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар